Бугу 21, 2024
Убакыт: 18:51
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

“ФинансКредитБанк” 400 балага жаңы жылдык белек тапшырды (фото, видео)

28.12.2022 17:30
354
“ФинансКредитБанк”  400 балага жаңы жылдык белек тапшырды (фото, видео)


“ФинансКредитБанк” ААК жаңы жылда жаш муунга белек берүүнү салтка айландырган. Финансылык уюм айрыкча өлкөбүздө билим берүү тармагын колдоп, өркүндөтүүгө көмөктөшүп келет. 


Жаңы жылда жакшы тилектер менен ФинансКредитБанк борбор калаабыздагы №-11 орто мектепте окуган 400 балага өзгөчө татууларды таратты. Ал эми мектепти спорттук инвентарлар менен байытып, эмгек жамаатынын да бир кыйла көңүлүн көтөрдү. Көздөрү кубанычка толгон майрамдык маанайдагы кичинекейлер, алардын ата-энелери, мектеп жамааты ФинансКредитБанктын жетекчилигине ыраазычылык билдирип жатышты.


ФинансКредитБанк кайрымдуулук акцияларын байма-бай өткөрүп, коомчулук менен тыгыз байланышта ишмердигин жүргүзүп келет. Керек учурда калктын калың катмарынын эң көйгөйлүү маселелерин чечүүгө жардам берип келүүдө.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн