Бугу 13, 2024
Убакыт: 20:43
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Финансы министри: Мамлекеттик карыз боюнча төлөмдөрдүн туу чокусу келди

19.12.2023 12:46
877
Финансы министри: Мамлекеттик карыз боюнча төлөмдөрдүн туу чокусу келди


Мамлекеттик карызды тейлөөнүн туу чокусу келип калды. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди.


Анын айтымында, быйыл мамлекеттик карызды тейлөөгө 53 миллиард сом бөлүү пландалууда. Келерки жылы бул көрсөткүч 66 млрд сомду түзөт.


«Мамлекеттик карыз боюнча төлөмдөрдүн туу чокусу этабынан ишенимдүү өтүү үчүн биз бюджеттик саясатты профицитти түзүү жагында болжолдогонбуз. Бул бизге карыздык каражаттарды тартпастан мамлекеттик карызды тейлөөгө мүмкүнчүлүк берет», — деди Алмаз Бакетаев.


Ал ошондой эле бүгүнкү күндө бюджет ушунчалык туруктуу деңгээлде экенин, мамлекеттик карызды тейлөөдө эч кандай шек жок экенин баса белгиледи. Бул үчүн бюджетте бардык мүмкүнчүлүктөр бар.


«Буга чейин түзүлгөн келишимдерде карыздарды мөөнөтүнөн мурда төлөө каралган. Бирок, ошол эле учурда, төлөө шарттары өзгөрөт, пайыздык кызматтын суммасы ар кандай болуп калат. Бул биз үчүн пайдалуу эмес. Бүгүнкү күндө бардык төлөмдөр өз убагында жана толук аткарылып жатат», - деп кошумчалады министр.


Сентябрдын аягында Кыргызстандын мамлекеттик карызы (тышкы жана ички) 5 миллиард 987,01 миллион долларды (531 миллиард 108,91 миллион сом) түздү, мындай маалыматты Финансы министрлиги билдирди. 2023-жылдын он айында аны тейлөөгө 35 миллиард 771,7 миллион сом сарпталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн