Бугу 12, 2024
Убакыт: 20:44
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Финансы министрлиги Памирден келген этностук кыргыздарга 82 млн сом бөлдү

18.12.2023 11:51
548
Финансы министрлиги Памирден келген этностук кыргыздарга 82 млн сом бөлдү


Памирден келген этностук кыргыздарга 82 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Каражат Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келген эностук кыргыздарга колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча министрлер кабинетинин 2022-2024–жылдарга бекитилген программасынын алкагында бөлүндү.

Бөлүнгөн каражат этностук кыргыздарга тамак-аш азыктары, кийим, дары-дармек жана башка тиричилик буюмдарды сатып алууга жумшалат.

Республикалык бюджеттен Ош облусунун Чон-Алай районунун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө 2 млн сом бөлүнүп берилди.

Мындан тышкары, капиталдык салымдар беренеси боюнча турак жайларды курууга республикалык бюджеттен 80 млн сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө каралган сумма толугу менен бөлүндү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн