Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 23:16
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Финансы министрлиги "Кыргыз почтасынын" 18% акциясын сатып алды

16.11.2023 15:23
785
Финансы министрлиги "Кыргыз почтасынын" 18% акциясын сатып алды


Финансы министрлиги "Кыргыз почтасы" ААКнын 18,2803% акциясын сатып алды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, Санариптик өнүктүрүү министрлиги мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коомунун уставдык капиталын көбөйтүү маселелери жөнүндө" КР министрлер кабинетинин токтомун иштеп чыкты.

Бул буйрук Финансы министрлиги менен кредиттик келишимди жабууга, ошондой эле "Кыргыз почтасы" ААКнын имараттарын капиталдык оңдоого мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүү жолу менен "Кыргыз почтасы" ААКга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыккан.

Бүгүнкү күндө "Кыргыз почтасы" ААКтын мамлекетке болгон карызы 309 млн сомго жакын сумманы түзөт. Ал 2014-жылы Финансы министрлиги менен Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын ортосундагы кредиттик келишимдин негизинде пайда болгон.

Белгилей кетсек, накталай эмес төлөмдөрдүн өнүгүшүн жана калктын кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес төлөмгө өтүүсүн эске алуу менен почта бөлүмдөрү аркылуу накталай төлөмдөрдү жүзөгө ашыруучу колдонуучулардын саны кескин кыскарып, бул тенденциянын өсүшү уланууда. Бул кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алууга гана эмес, ошондой эле "Кыргыз почтасы" ААКтын почта бөлүмдөрү аркылуу пенсия жана пособиелерди берүүгө да тиешелүү.

Жогорудагы себептер "Кыргыз почтасы" ААКтын рентабелдүүлүгүн төмөндөтүүчү негизги факторлор болуп саналат, ал финансылык абалга таасирин тийгизип, Дүйнөлүк банк тарабынан бөлүнгөн кредиттик каражаттарды кайтарып берүүнүн мүмкүн эместигинин аныктоочу фактору болуп саналат.

Ушуга байланыштуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги Финансы министрлигине болгон карызды кечүү максатында "Кыргыз почтасы" ААКсын кошумча капиталдаштырууну сунуштайт.

Ал долбоордо 395 млн 871 миң 500 (үч жүз токсон беш миллион сегиз жүз жетимиш бир миң беш жүз) суммасында кошумча эмиссия жасап, бул акцияларды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине сатуу сунушталган.

Ошентип, Финансы министрлиги "Кыргыз почтасынын" 18,2803% акциясынын ээси болуп калды.

Ошону менен бирге, буйрукта 85 млн сом өлчөмүндөгү каражаттын бир бөлүгүн "Кыргыз почтасы" ААКтын финансылык-чарбалык деталдарын ишке ашырууга, атап айтканда имараттарды капиталдык оңдоого, кызмат көрсөтүүлөрдө зарыл болгон шарттарды түзүүгө бөлүү каралган.

Бүгүнкү күндө КР министрлер кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы No 516-р буйругу кабыл алынган. Анын негизинде Финансы министрлиги компаниянын 18,2803% акциясынын ээси болуп калды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн