Бугу 07, 2024
Убакыт: 12:27
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Финансы министрлиги жакын арада кайсы эл аралык донорлордон каржы аларын айтты

10.07.2020 18:24
991
Финансы министрлиги жакын арада кайсы эл аралык донорлордон каржы аларын айтты


Финансы министрлиги мамлекеттик бюджетти колдоо максатында Евразия өнүктүрүү банкынан июль айынын соңуна чейин 100 миллион доллар насыя алат. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Бактыгүл Жеенбаева билдирди.

 

“Биз оор жагдайларды эске алуу менен жылдын соңуна чейин иш планын иштеп чыктык. Буга чейин сырттан 291 миллион доллар жардам алгандыгыбызды жарыялаганбыз жана жакынкы аралыкта Европа биримдигинен 25 миллион доллар грант алууну пландап жатабыз. Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү алдында турабыз. Биз АӨБдөн биринчи транш менен 50 миллион доллар алып, анын жарымы грантка, калганы насыяга келген”, - деди Жеенбаева.


Анын айтымында, август айында АӨБ менен экинчи транш боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.


“Азырынча сүйлөшүүлөр баштала элек, андыктан канча каражат алынарын айта албаймын. Бирок ал азырак болот, болжолду айтканда, биринчи траншка караганда көбүрөөк болот”, - деди министр.


Бул каражаттар бюджеттин баардык чыгымдарын жапканга жетерин айткан.


Салык жана Бажы кызматтары иштерин улантып, мамлекеттин казынасына каражаттарды алып келе беришет”, - деп кошумчалады Жеенбаева.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн