Бугу 09, 2024
Убакыт: 15:12
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Финансы министрлигинин борборлоштурулган бухгалтердик эсеби ишке кирди

16.01.2024 11:29
721
Финансы министрлигинин борборлоштурулган бухгалтердик эсеби ишке кирди


Финансы министрлиги мамлекеттик башкаруу секторунда бирдиктүү эсеп планын колдонуу менен «Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп» автоматташтырылган маалыматтык тутумун ишке киргизди.

Ведомстводон билдиришкендей, эсептердин бирдиктүү планы (ЭБП) - бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана бюджеттин аткарылышы боюнча отчетторду жана финансылык отчеттуулукту түзүү үчүн куралы болуп эсептелет.

Иштелип чыккан Эсептердин бирдиктүү планы кассалык жана чегерүү ыкмаларын колдонуу менен чарбалык операцияларды эсепке алууга мүмкүндүк берет.

Борборлоштурулган бухгалтердик эсепти киргизүү төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

- финансылык отчеттуулукту түзүү аркылуу бюджеттик мекеменин финансылык-чарбалык иши, ошондой эле анын мүлктүк абалы жөнүндө так жана өз убагында маалымат берүүгө;

- негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин, дебитордук карыздын, кредитордук карыздын, кирешелердин жана чыгашалардын, персоналдын чыгымдарынын жана эмгек акы фондунун эсебин киргизүүгө;

- бюджеттик мекемеде болгон активдердин сакталышын жана максаттуу пайдаланылышын эсепке алуу жол-жоболору аркылуу контролдоону жүзөгө ашырат;

- бухгалтердик эсепке ылайык бардык отчетторду түзүү;

- программада белгиленген бирдиктүү эрежелерге ылайык иш кагаздарын жүргүзүүгө;

- бухгалтердик жана бюджеттик эсепке тиешелүү суммалардын өз убагында, толуктугуна жана тууралыгына бир кыйла так козомол уюштурууга.

Системага кирүү үчүн мамлекеттик сектордун бардык бюджеттик мекемелери Калкты тейлөө борборунан булуттук электрондук кол тамгасын алуусу зарыл.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн