Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:24
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Финансы министрлигинин ички аудит кызматынын төрагасы пара менен кармалды

Финансы министрлигинин ички аудит кызматынын төрагасы пара менен кармалды


Финансы министрлигинин Ички аудит кызматынын төрагасы 150 миң сом пара менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, ИИМдин Тергөө кызматына түшкөн ыкчам маалыматка ылайык, Финансы министрлигинин Ички аудит кызматынын төрагасы Р.С. кызмат абалынан пайдалануу менен жеке кызыкчылыктарын жогору коюп, кол алдында иштеп жаткан бөлүм башчы аркылуу аудитор кызматына жумушка алуу үчүн 150 миң сом талап кылып алып, ал каражатты жеке максаттарына жумшаган.

Аталган факт боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин “Опузалап пара алуу” фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, Ички иштер министрлигинин ыкчам кызматкерлери тарабынан атайын иш-чара өткөрүлгөн.

Анын жыйынтыгында Тергөө кызматы жана Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 24-сентябрда Финансы министрлигинин Ички аудит кызматынын төрагасы 1966-жылы туулган Р.С. кармалып, Бишкек ШИИББнын Убактылуу кармоо жайына киргизилди.

26-сентябрда ага айыбы угузулуп, Р.С. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ведомствонун ички аудит кызматынан ар кандай кызмат орундарына жумушка алуу үчүн акча алып жүргөндүгү аныкталган.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен шектүү Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына камакка алынды.

Ири өлчөмдөгү пара алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин ИИМдин Тергөө кызматы жүргүзүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн