Бугу 16, 2024
Убакыт: 08:35
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Финансы полициясы Бишкек-Москва каттамы боюнча билеттердин баасын атайын көтөргөн туроператорлорду аныктады

Финансы полициясы Бишкек-Москва каттамы боюнча билеттердин баасын атайын көтөргөн туроператорлорду аныктады

Туроператорлор тарабынан авиабилеттин баасы жасалма жол менен көтөрүлгөндүгү аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы  билдирди.


Маалыматка ылайык, Финансы полициясы авиабилеттердин баасынын негизсиз көтөрүлүп кетишинин фактыларын аныктоо боюнча иштерди жүргүзүп жатат.


Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө Финполдун кызматкерлери Бишкек шаарындагы авиакассалардын биринен Бишкек-Москва багыты боюнча 67 миң 800 сом суммасындагы авиабилетти текшерүүчү сатып алууну жүргүзүштү, анда учуунун наркы туроператор тарабынан жасалма жол менен көтөрүлгөндүгү аныкталды, ал жогорку суроо-талаптан пайдаланып, авиабилеттердин наркын мыйзамсыз жогорулаткан.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Азыркы убакта республика боюнча ушул сыяктуу фактыларды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Икрам
Ушул эшшекти элге салчы котун айрып таштайлы
Рабига
Билет15.м.сом.ашпаш керек