Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Бишкек шаарындагы ЖЭБдин жооптуу адамдарына карата абаны булгоочу заттардын себептерин аныктоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш амалын баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Бул иш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 223-берененин негизинде катталган.
Эске салсак, ЖЭБ реконструкциясы боюнча мурдагы премьер-министрлер жана министрлер жоопко тартылган эле.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн