Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматынын кызматкерлери бир күндүк эмгек акыларын Баткен облусунун тургундарына жардам катары беришет. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
"Кыргыз-тажик чек арасында орун алган, жергиликтүү калкка олуттуу материалдык зыян гана келтирбестен, адамдардын өлүмүнө жана адамдардын ден соолугуна зыян келтирген окуяларга байланыштуу, Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматынын кызматкерлери жарандарды колдоо үчүн ыктыярдуу түрдө бир күндүк эмгек акысын бирдиктүү атайын эсепке которушат", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Баткен облусунда чек арага жакын жайгашкан жерлерден 20 миңден ашуун жаран коопсуз жайга которулган. Аларга колдоо көрсөтүү максатында өкот тарабынан атайын эсеп ачылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн