Бугу 05, 2024
Убакыт: 16:19
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Финансылык уюмдар 6 дем алдыруучу аппарат, 100 кычкылтек концентратор жана 1000 пульсоксиметр берди

28.07.2020 08:50
1143
Финансылык уюмдар 6 дем алдыруучу аппарат, 100 кычкылтек концентратор жана 1000 пульсоксиметр берди

 

Саламаттыкты сактоо министрлигине 6 даана жасалма дем алдыруучу аппарат, 100 даана кычкылтек концентратору жана 1000 пульсоксиметр тапшырылды. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.


Маалыматка ылайык, жалпы наркы 10 миллион сомго барабар гуманитардык жардам Кыргызстандагы банктардын бирикмесине мүчө 10 финансылык уюм тарабынан көрсөтүлдү. Медициналык жабдыктарды министрликтин статс-катчысы Калысбек Шадыханов кабыл алды.


К.Шадыханов учурда керек болуп жаткан медициналык жабдыктар “Семетей” обсервациясына жана башка медицина уюмдарына таратылып берилерин билдирди.


Өз кезегинде, Кыргызстандагы банктардын бирикмесинин төрагасы Анвар Абдраев Банктар бирикмесине мүчө уюмдар буга чейин дагы жардам көрсөтүп келишкенин жана мындан ары дагы колдоо көрсөтө берерин айтты.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн