Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 01:45
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Финляндия менен Швеция НАТОго кошулуу протоколуна кол коюшту

05.07.2022 15:21
464
Финляндия менен Швеция НАТОго кошулуу протоколуна кол коюшту


НАТОнун баш катчысы Столтенберг Финляндия менен Швециянын мүчөлүгүн ратификациялоо процесси башталганын жарыялады.


"Бүгүн биз расмий түрдө кошулуу протоколдоруна кол коёбуз, бул ратификация процессине шарт түзөт", — деп анын сөзүн РИА Новости билдирди.


Столтенберг кошумчалагандай, НАТОнун эшиги “жалпы коопсуздукту камсыз кылууга көмөктөшүүгө даяр Европа өлкөлөрү үчүн ачык”.


Түндүк атлантикалык альянстын штаб-квартирасында эки түндүк өлкөнүн тышкы иштер министрлери блокко мамлекеттердин кириши тууралуу протоколдорго кол коюшту.


Швеция менен Финляндиянын кошулуу протоколдоруна кол коюлгандан кийин Түндүк Атлантикалык альянстын бардык учурдагы мүчөлөрүнө ратификацияга жиберилери күтүлүүдө.


Финляндия менен Швеция НАТОго кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү аяктаганын Sputnik радиосу билдирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн