Бугу 01, 2024
Убакыт: 02:17
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Финляндияда соңку эки ай ичинде алгачкы жолу COVID-19дун жаңы учуру катталган жок

04.06.2020 17:41
872
Финляндияда соңку эки ай ичинде алгачкы жолу COVID-19дун жаңы учуру катталган жок


Финляндияда акыркы эки ай ичинде алгакы жолу коронавирус инфекциясынын жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Салмалтыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү боюнча улуттук институтунан билдирди.


“Финляндияда коронавирустун жаңы учурлары катталган жок. Баардыгы болуп Финляндияда илдетке чадыккандардын саны 6911 бейтап”, - деп айтылат маалыматта.


Ошондой эле эпидемияда басаңдап баратканын кабарлашкан.


“Коронавирус оорусу өткөн эки жумага салыштырмалуу басаңдап калды. Учурда вирустун болжолду деңгээли 0,75тен 0,80ге чейин жетет. Бул болсо Финляндияда эпидемиянын бир канча убакыттан бери басаңдап бара жатканынан кабар берет”, - деп айтылат маалыматта.


Эске салсак, Финляндияда коронавирустун эң алгачкы учуру 29-январда катталган. Дарт Кытайдын Ухань шаарында эс алып келген туристен аныкталганы айтылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн