Бугу 15, 2024
Убакыт: 18:32
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Финляндиядан Кыргызстанга жүк ташуучу унаалардын экспорту кескин көбөйгөн

08.08.2023 14:00
429
Финляндиядан Кыргызстанга жүк ташуучу унаалардын экспорту кескин көбөйгөн


Финляндия Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Орусия менен чектеш Казакстанга, ошондой эле Кыргызстанга жүк ташуучу унааларды экспорттоону кескин көбөйттү. Бул тууралуу Kauppalehti гезити жазып чыкты.


Журналисттердин айтымында, эгерде 2002-жылдан 2022-жылга чейин Финляндия Казакстанга жети эле трактор алып келген болсо, өткөн жылы эле 67 трактор жеткирилген.


Финляндиядан Кыргызстанга 33 жүк ташуучу унаа экспорттолгон, мурунку 20 жылда үчөө.


Аймактын өлкөлөрүнө көбүнчө колдонулган жарым чиркегич тракторлор экспорттолот, ал эми жүк ташуучу унааларды Финляндия аркылуу кимдер ташып жатканы белгисиз, деп белгилейт басылма.


Фин-орус чек арасы аркылуу өткөн экспорттун жарымына жакыны Евробиримдиктин башка өлкөлөрүнөн келет, дешет Финляндиянын бажы кызматкерлери.


Эске салсак, Украинада согуш башталгандан кийин Volskwagen концернинин жүк ташуучу бөлүмү Traton Group курамына кирген MAN жана Scania жүк ташуучу унаа өндүрүүчүлөрү Орусиядан чыгып, өлкөдөгү активдерин орусиялык дистрибьюторлорго өткөрүп беришкен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн