Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгы Gergert Sport дүкөнүн мөөр басып, жаптырган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдирди.
Маалым болгондой, тергөөчү С.Ормонов мөөр басып кол койгон.
Дүкөндүн социалдык тармактагы баракчасы имараттагы Gergert Sport жана Caffe Vergnano ашканасы белгисиз мөөнөткө жабылгандыгын жарыялады.
Дүкөндүн жабылышына ири суммадагы салыгын төлөбөй, салык төлөөдөн качканы себеп болгону айтылууда.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн