Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 16:15
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Финпол «Караван» соода борбору мамлекетке 367 млн сом зыян келтиргенин аныктады

15.02.2021 14:11
837
Финпол «Караван» соода борбору мамлекетке 367 млн сом зыян келтиргенин аныктады

«Мүлк» мамлекеттик ишканасынын жетекчилик кызматтагы адамдары мамлекетке 367 миллион сом чыгым келтиргени аныкталды. Бул тууралуу Финполдон билдиришти.


Маалыматка караганда, аталган ишкананын жетекчилери Бишкек шаарындагы «Караван» борборунун соода аянтчаларын тааныш адамдарына арзан баада ижарага беришкен. Алар болсо үчүнчү тарапка кымбат баада арендага берип турушкан. Мындай мыйзамсыздык көп убакыттан бери, тагыраагы, 2017-жылдан бүгүнкү күнгө чейин уланып келгени айтылды.


«Мүлктүн» мындай мыйзамсыз аракеттеринин айынан жөнөкөй ижарачы-ишкерлер жабыркаган жана мамлекет чоң чыгымга учураган. Салыштыра айтсак, Бишкектеги ушундай эле борборлордогу соода аянтынын бир чарчы метри 70 доллардан 200 долларга чейин болсо, «Каравандын» бир чарчы метри 7 доллардан 20 долларга чейин ижарага берилип келген. Аудиттин жыйынтыгы боюнча, мындай соода борборлорундагы ижара акысы кеминде чарчы метрине 50 доллардан болушу керектигин көрсөттү», — деп айтылат маалыматта.


Текшерүүнүн жүрүшүндө башка дагы финансылык эреже бузуулар, жок адамдарга айлык чыгып турганы аныкталган.


«Мүлк» ишканасынын жетекчилигине каршы «Караван» соода борборунун ижарачылары арыз менен кайрылганы белгиленди.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн