Бугу 04, 2024
Убакыт: 15:35
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Финпол “Клексан” дарысын 8 миңден 14 миң сомго чейин кымбат саткандарды аныктады

12.07.2020 20:29
1013
Финпол “Клексан” дарысын 8 миңден 14 миң сомго чейин кымбат саткандарды аныктады


Финполициянын кызматкерлери “Клексан” дарысын шаардын бир нече жеринен 8 миңден 14 миң сомго чейин кымбаттатып жиберген учурларын аныкташты.

Республикалык штабдан маалымдашкандай, азыркы учурда аныкталган алып сатарларга карата сотко чейинки өндүрүш иштери башталды, жыйынтыгы боюнча катыштыгы бар адамдардын аракеттерине тийиштүү укуктук баалар берилип, процессуалдык чечимдер чыгарылат.

Финполиция жашоого маанилүү дары-дармектерди баасынан ашыкча кымбаттатып сатуу менен алектенген кара ниет “кызыл кулак” жарандарды учурдагы жагдайды пайдаланбоону жана элдин эсебинен “байып” кетпөөнү эскертет. 

“Алып сатарлык фактыларына катуу бөгөт коюлат”, - деп кошумчалайт штабдын басма сөз кызматы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн