Бугу 16, 2024
Убакыт: 08:00
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Финпол Кубанычбек Жумалиевдин уулу менен тууганын кармады

29.01.2021 19:22
2905
Финпол Кубанычбек Жумалиевдин уулу менен тууганын кармады

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат Кубанычбек Жумалиевдин уулун жана жакын тууганын кармады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.


Арызда депутат менен анын туугандары чет элдик инвестордун ишенимине кирип 1 миллион АКШ долларына бааланган жабдууну алып, 200 миң долларын эле төлөп берип, калган 800 миң долларды бербей койгону жазылган.


Буга чейин германиялык "Б.Ф." аттуу жаран менен Жумалиевдин жакын тууганы ээлик кылган "А.Ю.К" жоопкерчилиги чектелген коому жалпы суммасы 1 миллион АКШ доллары турган минералдык суу куючу жабдууну депутат Жумалиев жакынына каттатып койгон "С.К" жоопкерчилиги чектелген коомуна алып келүү келишимине кол коюшкан.


28-январда "А.Ю.К" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору менен 29-январда "С.К." жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси чет элдик жаранга ири өлчөмдө материалдык зыян келтирди деген айыптоо менен кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу изоляторуна жеткирилди.


Азыркы учурда Жумалиевдердин үй-бүлөсүнө таандык университеттин аймагында жайгашкан фирмалардын кеңселеринде ыкчам тинтүү иштери жүрүп жаткандыгы белгиленди.


Финпол тарабынан кармалгандар Жумалиевдин уулу Элнур Жумалиев жана тууганы Султан Мырзабеков болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн