Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 19:54
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Финпол Транспорт министрлигиндеги 28 коррупциялык фактыны сотко жөнөттү

10.02.2021 11:13
416
Финпол Транспорт министрлигиндеги 28 коррупциялык фактыны сотко жөнөттү

КРнын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финполиция) Транспорт, архитектура, курулуш жана байланыш министрлигине (Мурдагы Транспорт жана жолдор министрлиги) караштуу Унаа жол мамлекеттик дирекциясындагы коррупция фактысы боюнча 28 сотко чейинки өндүрүштү бүтүп, сотко жөнөттү. Бул тууралуу Финполициянын басма сөз кызматы билдирди.


Мындан мурда маалым болгондой, Финполиция 2018-жылдын 1-декабрынан 2020-жылдын 20-мартына чейинки аралыкта болгон коррупциялык схеманы жана “Сосновка”, “Кара-Көл” өткөрүү пункттарынан өткөн унаалар тууралуу маалыматты өзгөртүүгө аракет кылгандарды аныктаган.

КР Эсеп палатасынын актысына ылайык, аталган коррупциялык аракеттерден мамлекеттик бюджетке 20 млн сом зыян келтирилип, ал Финполициянын күчү менен толук кайтарылды.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча КР Транспорт жана жол министрлигинин кызмат адамдары КР Кылмыш кодексинин 319-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн