Бугу 15, 2024
Убакыт: 20:02
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Финпол: Аткезчиликке шектелип Түштүк-батыш бажысынын тескөөчүсү кармалды

25.01.2021 15:41
480
Финпол: Аткезчиликке шектелип Түштүк-батыш бажысынын тескөөчүсү кармалды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан Түштүк-Батыш бажысынын тескөөчүсү кармалды. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, аталган кызматтын Ош шаары боюнча башкармалыгы буга чейин катталган сотко чейинки өндүрүштү тергөө ишинин алкагында, кызмат адамдарынын катышуусу менен товарларды контрабандалык ташып кирүү фактысы боюнча өкмөткө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын "Достук" АБЖОсунун (алдын-ала бажы жол-жоболорунун орду) тескөөчүсүн кармады.


Ошентип, 2020-жылдын декабрь айында Ош шаарында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында финансы полициясынын кызматкерлери элдик керектөөдөгү товарлар жүктөлгөн “ДАФ” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны кармашкан.


Аны "Достук" бекетинин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын аймагына документтерин бажылык тариздөөдөн өткөрбөстөн жана бажы төлөмдөрүн төлөтпөстөн киргизип жиберишкен, натыйжада, жүргүзүлгөн эсептөөлөргө ылайык мамлекеттин бюджетине 700 миң сомдон ашык суммадагы бажы төлөмдөрү жана жыйымдары түшпөй калган.

2021-жылдын 21-январында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, бул сотко чейинки өндүрүш боюнча КРӨгө караштуу МБКнын "Достук" АБЖОсунун жооптуу кызматкери “А.Р.” кармалып, Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул факты боюнча тергөө учурунда 706 миң 260 сом суммасында келтирилген зыяндын орду толтурулган. Азыркы убакта тергөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн