Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 14:57
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Финпол өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөмдөрүн жашыруу боюнча коррупциялык схеманы аныктады (Видео)

16.02.2021 12:30
1429
Финпол өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөмдөрүн жашыруу боюнча коррупциялык схеманы аныктады (Видео)

Финансы полициясы ЕАЭБдин мүчө өлкөлөрүнөн товардык-материалдык баалуулуктарды (ТМБ) Кыргызстанга ташып кирүүдө өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөмдөрүн жашыруу боюнча коррупциялык схеманы аныктап, жок кылды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.


Финполдон билдиришкендей, ушул мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаган жарандар ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып, башка мамлекетке туруктуу жашаганга көчүп кетүүнү пландаштырып жаткан кыргызстандыктарды, алардын атына коомду каттоо жана кийинчерээк ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринен тиешелүү салык төлөмдөрүн төлөбөстөн ири көлөмдөгү элдик керектөөдөгү товарларды ташып келүү максатында акчалай сыйлыкка тандашкан жана көндүрүшкөн.

Ошол эле учурда бул адамдар акы төлөп, ТМБны ташып кирүүдө талап кылынган (келишимдер, инвойс, ТТК жана коштомо кагаздар) чет өлкөлөрдүн аймагында катталган чарба жүргүзүүчү субъекттердин атынан жасалма документтерди даярдашкан. Аны менен ташылып кирилген ТМБнын чыныгы ээлерин салык төлөмдөрүн төлөөдөн качууга көмөктөшкөн. Ошентип, ташылып кирилген ТМБнын чыныгы ээлеринин салык милдеттенмелери болгон эмес.

13-февралда тийишүү иш-чаралардын жүрүшүндө кылмыш схемасынын башкы уюштуруучусу А.А. кармалган. Кармалган адамга карата Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан тергөө иштери аяктаганга чейин №1 тергөө абагына камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы колдонулган.

Унаага жана А.А. үйүнө тинтүү иштерин жүргүзгөн учурда чет элдик компаниялардын (Казакстан жана Россия) мөөрлөрү, бухгалтердик документтер, Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспорттору, ошондой эле ири суммадагы акча каражаттары табылган жана алынган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн