Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын мурдагы төрагасы Бакир Таиров мамлекетке 20 миллион сом төлөп үй камагына чыгары айтылууда. Бул тууралуу Kaktus.media өздүк булактарына таянып жазды.
Маалыматка таянсак, ал жакында мамлекетке 20 миллион сом төлөгөн. Жакын арада тергөө менен келишим түзүп үй камагына чыгат.
Эске салсак, Таиров 11-декабрда шайлоо өнөктүгү учурунда айрым ишканалардан ири суммада пара талап кылган деген шек менен камакка алынган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн