Сыймык Жапыкеев Финполдун жамааты менен коштошуп кетти. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.
Маалым болгондой, Сыймык Жапыкеевге жамааты ак калпак, чепкен жаап узатышты.
"Биз колдон келишинче мамлекетке иштеп бердик. Эч кандай опузалап пара талап кылуу болгон жок. Төрт айда мамлекеттик казынага 800 миллион сом төктүк. Жамаатка ыраазымын",- деп билдирүү калтырган.
Мындан сырткары, ал ооруп жатканын айткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн