Бугу 16, 2024
Убакыт: 09:44
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Финполиция өзгөчө ири суммадагы салыктан качуу фактысын аныктады

17.12.2020 09:53
1246
Финполиция өзгөчө ири суммадагы салыктан качуу фактысын аныктады

Финансы полициясы өзгөчө ири өлчөмдөгү салыктарды төлөөдөн качкан фактынын бетин ачты. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.


Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо райондору жана Жалал-Абад шаары боюнча финансы полициясы мамлекеттин бюджетине 45 миллион сом суммадагы салыкты төлөөдөн качуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады.


Иш-чара учурунда аталган компания товарларды ири өлчөмдө сатып алган жана саткандыгы аныкталган, ошол эле учурда салык отчетторун толугу менен берген эмес. Натыйжада мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.


Учурда, мамлекеттин бюджетине акча каражаттарын кайтарып берүү жана аталган ЖЧКга колдоо көрсөтүп келген кызмат адамдарынын катыштыгын аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн