Чын курандын 16, 2024
Убакыт: 12:59
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.970

Финполицияны жоюп салуу менен эч нерсе өзгөрбөйт, - Бакыт Бакетаев

05.03.2021 18:40
873
Финполицияны жоюп салуу менен эч нерсе өзгөрбөйт, - Бакыт Бакетаев


Финполицияны жоюп салуу менен эч нерсе өзгөрбөйт. Ал орган бар болобу, жок болобу, эч кандай айырмасы жок. Бул тууралуу саясат таануучу Бакыт Бакетаев “Медиа центр” мультимедиалык маалымат агенттигине берген комментарийинде билдирди.


Анын пикиринде, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат түзүлгөндөн бери коррупция азайган жок.


“Коррупцияга каршы эки канат менен күрөшүү керек. Бир канаты күч органы болсо, экинчи канаты системаны өзгөртүү зарыл. Тактап айтканда, бирдиктүү күрөш башкаруу системасы менен байланыштуу. Система өзгөрбөгөнү үчүн экинчи канаты болгон күч органдары күрөш жүргүзө албай жатат. Баягы эле салыкчылар, бажычылар, милиция кызматкерлери, жол көзөмөлчүлөр, айтор баары эле пара алып жатат”, - деген оюн айтты Бакетаев.


Белгилей кетсек, бүгүн, 5-мртта өкмөт башчы Улукбек Марипов Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты жоюу чечимин кабыл алды.


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн