Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 21:32
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Финполициянын жоюлушу боюнча комиссия түзүлдү

09.03.2021 13:01
657
Финполициянын жоюлушу боюнча комиссия түзүлдү

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик  кызматын жоюу боюнча өкмөттүн чечимине ылайык, комиссия түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.


Маалым болгондой, комиссияга Финансылык полициянын кызматкерлерин бошотуу жана жумуштан бошотулгандыгы үчүн, ошондой эле республиканын мыйзамдарына ылайык төлөнүүчү башка төлөмдөр боюнча маселелерди чечүү тапшырылды.


Ошондой эле, кредиторлор менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү жана бөлүмдөн дебитордук карызды өндүрүү, мүлктү эсепке алуу,  Финпол үчүн жоюу балансын түзүү жана өкмөттүн бекитүүсүнө берүү тапшырылды.


Комиссия ошондой эле Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигине, Мамлекеттик кадр кызматына бошотулган Финансылык полиция кызматкерлерин окутуу, кайра даярдоо боюнча сунуштарын киргизиши керек. Финполициянын өндүрүшүндөгү кылмыш иштерин жана материалдарды тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүү маселесин чечиши керек.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн