Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 19:49
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Forbes журналы россиялык 40 жашка чейинки эң ийгиликтүү 40 жылдыздын рейтингин жарыялады

25.06.2020 19:47
1027
Forbes журналы россиялык 40 жашка чейинки эң ийгиликтүү 40 жылдыздын рейтингин жарыялады


Былтыркы тизмеден 11 адам, алардын бирөөсү курагы 40тан өткөндүгүнө байланыштуу чыгарылды.

Рейтингди өткөн жылдагыдай эле мушкер Хабиб Нурмагамедов жетектеди. Анын кирешеси 16,5 миллион долларга бааланды.


Экинчи орунду жыл ичинде 2,7 миллион доллар иштеп тапкан эң популярдуу телеалыпбаруучу Ольга Бузова ээледи. Үчүнчү орунду хоккейчи Александр Овечкин ($15,1 млн) быйыл ырчы Егор Кридге бошотуп берди. Ырчы жыл ичинде $6,9 млн киреше тапкан. Бешинчи орунду $4,4 млн доллар кирешеси менен телеалыпбаруучу жана президенттик шайлоодо таалайын сынап көргөн Ксения Собчак ээледи.


Россиялык жылдыздардын рейтингди түзүүдө Forbes эки факторду эске алган: биринчиден, жылдыздардын жыл ичиндеги кирешеси – рейтингге илинүү үчүн 2019-жылдын 1-майынан 2020-жылдын 30-апрелине чейин 1 миллион доллардан кем эмес киреше табуу керек эле.


Экинчиси – жылдыздын даңазалуулук даражасы: ЖМКларда жана социалдык тармактарда эскерилүүсү, Instagram жана YouTubeдагы окурмандарынын саны.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн