Бүгүн, 9-майда
Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75
жылдыгынын урматына митинг-реквием өттү. Бул тууралуу президенттин басма
сөз кызматынан билдирди.
Президент Сооронбай Жээнбеков Өчпөс отко гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөттүк аза күтүү менен эскерди.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева, экс-президент Роза Отунбаева, Башкы штабдын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев катышты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн