Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:43
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Фоторепортаж — Кыргызстандын Көз карандысыздык күнү

31.08.2020 19:19
761
Фоторепортаж — Кыргызстандын Көз карандысыздык күнү

Бүгүн, 31-августта, Кыргызстандын Көз карандысыздык күнү белгиленүүдө.

«Ала-Тоо» борбордук аянтында Эгемендүүлүк күнүнүн 29 жылдыгына карата иш-чара өттү.

Иш-чара Кыргызстан элинин тарыхый жолу темасын ачып берген театрлаштырылган пролог менен башталды, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Президент Сооронбай Жээнбеков иш-чарада куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Мамлекет башчысы куттуктоосунда мамлекетибиздин көз карандысыздыгын, элибиздин ынтымагын, жерибиздин бүтүндүгүн көзүбүздүн карегиндей коргоо — ар бирибиздин ыйык милдетибиз экенин баса белгиледи.

Иш-чара пандемияны эске алуу менен онлайн форматта, көрүүчүлөрсүз өттү. Чакырылгандардын арасында бүгүнкү күндүн баатырлары — медиктер, ошондой эле пандемиянын күчөп турган мезгилинде күчөтүлгөн тартипте кызмат кылган ички иштер органдарынын, ӨКМдин кызматкерлери, аскер кызматкерлери болду. Ошондой эле топтогон каражаттарын коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн берген ыктыярчы-балдар бар. Мамлекет башчысынын атынан балдардын ар бирине планшет белекке берилди.

Көз карандысыздык күнүнүн 29 жылдыгына карата иш-чара концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Кубатбек Боронов, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева, экс-президент Роза Отунбаева, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дуйшенбиев, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов катышышты.

Кечинде Бишкек шаарында майрамдык фейерверк болот. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн