20-ноябрда тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Франциянын өлкөдөгү убактылуу ишенимдүү адамы менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМден кабарлады.
Жолугушуу жүрүшүндө эки тарап кыргыз-француз мамилелерин көп багыттуу бекемдөө, саясий, соода-экономикалык, маданий тармагында кызматташуу тууралуу маселелерди талкуулады.
Мындан сырткары, Кыргызстандын тышкы карызы тууралуу маселе көтөрүлүп, Кыргызстанга бул багытта көмөк көрсөтөрүн Франсуа Делаус билдирди.
Пикирлер (1)