Франциянын
президенти Эммануэль Макрон Le Journal du Dimanche журналына берген маегинде Беларустун президенти Александр
Лукашенко кызматынан кетиши керектигигин билдирди, деп жазат РИА Новости.
“Беларуста болуп жаткан окуя – бул демократиянын логикасын кабыл ала албай, күчтүн жардамы менен ордун сактап калууга аракет кылган бийликтин, авторитардык бийликтин кризиси. Лукашенко кетиши керектиги айдан ачык”, - деген Макрон.
Ошондой эле, Франциянын президенти Беларустагы каршылык акцияга чыккан адамдардын эрдиги таасир калтырганын белгилеп, "ар ишемби күнү акция уюштурган аялдар сыйга татыктуу" деген Макрон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн