Бугу 11, 2024
Убакыт: 14:34
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Францияда башаламандык уланууда (фото)

17.06.2020 09:17
914
Францияда башаламандык уланууда (фото)

 

Франциянын Дижон шаарындагы башаламандык уланууда, бул иш боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул жаңжалга чечен тургундар да аралашкан, деп жазылат чет элдик басылмалардын маалыматында.

 

Бир топ күндөн бери уланып келе жаткан жаңжалды басуу үчүн шаарга полициянын кошумча күчтөрү жөнөтүлдү.

 

Франциянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, бейсбол таягын көтөргөн ондогон жаштар эс алуучу жайлардын бирине кол салган. Жаңжалга Түндүк Африкадан чыккандар чечен өспүрүм сабап салганы себеп болушу мүмкүндүгү болжолдонуп жатат.


Башаламандыкты тактотуу үчүн полиция көздөн жаш агызган газ колдонду. Бирок шаарда кырдаал чыңалуу абалында турат. Окуя болгон жерден алынган тасмалардан күйүп жаткан автоунааларды көрүүгө болот. Шаар көчөлөрүндө көп сандагы полиция кызматкерлери жүрөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн