Франциянын ички иштер министрлиги Дижон шаарында бир нече күндөн бери уланып жаткан баш аламандыктын катышуучуларына катуу чаралар көрүлөөрүн эскертти.
Ички иштер министринин алдындагы мамлекеттик катчы Лоран Нуньес бул шаарда полициянын кошумча контингенти чечендер менен арабдардын ортосундагы кагылыштарды токтотуу канча убакытты талап кылса, ошончо мезгил калат деп билдирди шейшемби күнү өткөн маалымат жыйынында.
Нуньес “укуктук мамлекетте эч кимдин өз алдынча жазалоого акысы жок” деп айтты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн