Бугу 12, 2024
Убакыт: 04:55
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Францияда чечендер менен арабдардын кагылышында 10 адам жабыр тартты

16.06.2020 12:35
1034
Францияда чечендер менен арабдардын кагылышында 10 адам жабыр тартты


Франциянын Дижон шаарында чечен жана араб диаспораларынын ортосундагы массалык мушташуу учурунда 10го жакын адам жабыр тартты деп билдирди шаардын прокурору Эрик Матеге шилтеме жасаган Fransinfo.

Массалык мушташуу 12-июндун кечинде Дижондун борбордук аянтында орун алды. Ал жерге Франциянын чар тарабынан чогулган бир нече ондогон чечендер Le Black Pearl барына кол салышкан.


Онго жакын адам жабыр тартып, бир нечеси оор жаракат алган. Окуя болгон жерге келген полиция аларды кууп тараткан, бирок эч кимисин кармаган эмес.


Ал эми 15-июнга караган түнү чечендер “абалды жумшартуу” үчүн араб диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушмак болушкан. Жолугушуу учурунда  белгисиз адамдар чечендер менен арабдардын машиналарына карата ок атууну баштаган.


Шаардын мэри Франсуа Ребсамен ички иштер министринен жардам суроого мажбур болуп, натыйжада Дижон шаарына жекшемби күнү кошумча полиция күчтөрү келди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн