Футбол боюнча Франциянын жогорку лигасынын 2-турунда футбол талаасында жаңжал чыкты.
1-Лиганын алкагында "Марсель" жана "Ницца" клубдары кез келген.
Оюндун жүрүшүндө Ницца клубунун күйөрмандары атаандаш команданын оюнчуларына карата улам желим бөтөлкө ыргыткан.
"Марсель" клубунун оюнчусу Димитар Пайет бөтөлкөнү кайра күйөрмандарга ыргытканда алар талаага чуркап чыгып, жаңжал чыгып кеткен.
Калыс оюнду токтотууга аргасыз болгон. Бирок бир жарым сааттан кийин "Ницца" клубунун оюнчуларына талаага чыкса да, атаандаштар чыкпай оюн жыйынтыкталды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн