Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 09:34
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Франциядагы колледжде мугалимди өлтүрүп, башын кесип кетишти. Окуянын чоо-жайы (видео)

19.10.2020 12:04
874
Франциядагы колледжде мугалимди өлтүрүп, башын кесип кетишти. Окуянын чоо-жайы (видео)

Париждин четиндеги Конфлан-Сент-Онорин шаарындагы колледжде иштеген тарых сабагынын мугалимин өлтүрүп, башын кесип кетишти. Аталган кылмышка шектелип, 18 жаштагы чечен улутундагы жигит кармалганын Reuters маалымдады. 

Маалым болгондой, террорист кол салуунун алдында колледжге келип, аталган мугалим кайсыл жерде иштерин окуучулардан сураган. Кол салуу болгонго чейин окуу жайга коркутуулар да түшкөн. 

Кылмыш 16-октябрда болгон. Кылмышкер колледждин жанында мугалимди күтүп отуруп, ал чыккандан кийин аны өлтүрүп, башын алып салган. Кылмышкерди кармоо учурунда ал атып өлтүрүлгөн. 

Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, ал Москва шаарында төрөлгөн чечен улутундагы 18 жаштагы жигит экендиги аныкталган. Ал ата-энеси менен 16 жашында Францияга көчүп келген. Ал эми Франциядагы Россиянын элчилиги кылмышкердин Россияга тиешеси жок экенин маалымдашкан.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон мугалимдин өлүмүн теракт деп эсептеп, педагог балдарды сөз эркиндигине жана ишенүү же ишенбөө укугун тандоо эркиндигине үйрөтүп келгенин айткан. 

Чет элдик ЖМКлар маалымдагандай, кылмышкер мугалимдин сөз эркиндиги сабагынан Мухаммед пайгамбардын карикатурасын көрсөткөндүгүнө нааразы болгон.

 

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн