Тогуздун айы 11, 2025
Убакыт: 05:19
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.070
1.095

Франциянын экс-президенти беш жылга эркинен ажыратылды

26.09.2025 10:44
723
Франциянын экс-президенти беш жылга эркинен ажыратылды


Париж соту Франциянын мурдагы президенти Николя Саркозини 2007-жылдагы шайлоо кампаниясын ливиялык каржылоо боюнча иште беш жылга эркинен ажыраткандыгын BFMTV телеканалына шилтеме жасап, РИА Новости билдирди.


«Николя Саркози өкүмдүн аткарылыш мөөнөтү жылдырылуу менен беш жылга эркинен ажыратылды. Бул мурдагы президент жакынкы жума ичинде түрмөгө киргизилет дегенди билдирет», – деп айтылат маалыматта.


Сот Саркозини кылмыштуу сүйлөшүүгө катышкан деп буга чейин айыптады, бирок мамлекеттик каражатты уурдоону жашыруу жана пассивдүү коррупция боюнча айыптардан актады.


Айыптоочу тарап мурдагы президентке жети жыл абак жазасын жана 300 миң евро айып пул сураган.


Мындан тышкары, сот башка бир нече фигуранттарды да күнөөлүү деп таап, жаза чараларын белгиледи. Саркозинин администрациясынын башчысы Клод Геан жана бизнесмен Александр Джури алты жылдан, ал эми саясатчы Брис Ортефе эки жыл жаза алды. 

Акыркысы Саркозинин тушундагы ар кайсы мезгилде Эмгек министрлигин жана ИИМди жетектеген.


Иликтөө 2012-жылы башталып, ошол кезде Mediapart басылмасы Ливия бийлиги Саркозинин президенттик кампаниясына 50 млн евро бергенин аныктаган документтерди жарыялаган.


2016-жылы франко-ливандык бизнесмен Зияд Такиеддин 2006-жылдын аягында 2007-жылдын башында Ливиядан Франциянын ИИМине Саркози башкарып турган ошол учурда 5 млн евро менен чемодандарды алып келгенин айткан. Анын айтымында, акчаны эки ирет Геанга, бир жолу жеке Саркозиге тапшырган. Бирок 2020-жылдын ноябрында Такиеддин бул айыптоолордон баш тарткан. Ал 23-сентябрда Бейрут шаарында 75 жаш курагында көз жумду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн