Франциянын премьер-министри Себастьян Лекорню кызматтан кетүү тууралуу арызын бергендигин Lenta.ru басылмасы AFP (Франс Пресс Агенттигине) шилтеме берип жазды.
“Премьер-министр Себастьян Лекорню дүйшөмбү күнү президент Эммануэль Макронго кызматтан кетүү өтүнүчүн берди. Макрон аны кабыл алды”, – деп айтылат маалыматта.
Лекорню премьер-министрлик кызматта бир айга жетпеген убакыт болду, анткени ал 9-сентябрда дайындалган. Анын отставкасынын алдында гана Елисей сарайы министрлер кабинетинин жаңы курамын жарыялаган. Анда мурдагы экономика министри Брюно Ле Мэр Коргоо министри, ал эми Ролан Лескюр Финансы министри болуп дайындалган. Мурунку өкмөттүн көпчүлүк министрлери өз кызматтарын сактап калышкан.
Бул чечим солчул жана оңчул партиялардын сынына кабылып, алар дароо эле жаңы министрлер кабинетине ишеним көрсөтпөө вотуму маселесин көтөрүү ниетин билдиришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн