10-апрель күнү Францияда президенттик шайлоо өттү. Франциянын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, азыркы учурда добуштардын 97 пайызы эсептелип бүттү.
Анын жыйынтыгында учурдагы президент Эмманюэль Макрон 27,6 пайыз добушка ээ болгон. Ал эми Ле Пен 23,41 пайыз добуш топтогон.
Андан кийин Меланшон экинчи турга өтпөй калуусу мүмкүн. Ал 21, 95 пайыз добуш топтогон.
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда Франциянын калкы бул шайлоого аз катышкан. Жалпы шайлоочулардын 26 пайызы добуш берген эмес.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн