Бугу 05, 2024
Убакыт: 02:13
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Фучик паркында жаңы балдар аянтчасы ачылды

06.09.2022 11:17
393
Фучик паркында жаңы балдар аянтчасы ачылды



Фучик атындагы сейил багында «Ротари Клуб Бишкек» коомдук бирикмесинин колдоосу менен курулган жаңы балдар аянтчасынын салтанаттуу ачылышы болду.  Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой, балдар аянтчасы шаардыктар менен бирге Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев, Ленин районунун акими Русланбек Тагаев жана «Ротари Клуб Бишкек» коомдук бирикмесинин делегация мүчөлөрү ачышты.


Чакырылган коноктор балдарды жана шаар тургундарын заманбап, көп функционалдуу аянтчанын ачылышы менен куттуктап, жаңы аянтчадагы тартип, ошондой эле жабдуулардын абалы тургундардын кылдат жана камкор мамилесинен көз каранды экенин белгилешти.


Ошондой эле, район башчысы Бишкек Ротари клубунун жетекчилигине өзгөчө балдар үчүн сыртта эс алуу үчүн шарттар түзүлгөн кооз жана функционалдык аянт үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн