Бугу 15, 2024
Убакыт: 00:10
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Футбол: АФК кубогунун тайпалык оюндары Тажикстан же Кыргызстанда өтөт

09.06.2020 21:35
760
Футбол: АФК кубогунун тайпалык оюндары Тажикстан же Кыргызстанда өтөт


Футбол боюнча АФК кубогунун “D” тайпасындагы оюндарын бир өлкөдө өткөрүү каралууда. Бул тууралуу Кыргыз Премьер-лигасынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 9-июнда Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын футбол лигалары жана Азия футбол конфедерациясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда онлайн жыйын өткөн. Анда АФК кубогун өткөрүү форматы жана убактысы талкуланган.


Жыйнындын жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстан тайпалык баскычтагы оюндарды өз өлкөсүндө өткөрүүгө даяр экенин билдирген. Ал эми оюндар сентябрь айынан эрте өтпөй турганы белгиленген. Так убактысы кийинчерек АФК тарабынан жарыяланары айтылды.


Эске салсак, 2019-жылы өлкө чемпиону атыккан “Дордой”, АФК кубогунун тайпалык баскычында “D” тобуна Тажикстандын “Истиклол”, “Худжанд” жана Түркмөнстандын “Алтын Асыр” командалары менен түшкөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн