Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 09:41
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Футбол: “Дордой” жана “Каганаттын” алгачкы расмий беттеши тең чыгуу менен аяктады

13.08.2020 14:25
1308
Футбол: “Дордой”  жана “Каганаттын” алгачкы расмий беттеши тең чыгуу менен аяктады


Бүгүн, 13-августта футбол боюнча Кыргыз премьер-лигасынын 3-турунун алкагында “Дордой” жана “Каганат” командаларынын оюну 0:0 эсеби менен аяктады.


Беттеш Кант шаарындагы Нитро аренада өтүп, эки команда тарыхындагы алгачкы расмий оюнун өткөрүштү.


Бул оюнда “Дордой” командасы үчүн Улуттук курама команданын оюнчусу Эдгар Бернхардт дебюттук беттешин өткөрдү.




Ал эми “Кара-Балта” жана “Алга” командаларынын оюну 0:1 эсебинде Бишкектик команданын жеңиши менен аяктады. Голду 11 метрлик айып соккудан Бектур Талгат уулу киргизген. Бул жеңишинен кийин “Алга” 7 упай топтоп, “Дордой” менен теңелди.


Бүгүн, саат 18:00дө 3-турдун алкагында “Алай” – “Нефтчи” жана “Илбирс” – “Абдыш-Ата” оюндары өтөт. Беттештердин баары Кант шаарынын стадиондорунда орун алмакчы.

  

Турнирдин жадыбалы:



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн