Футбол боюнча Европанын 2020-жылдагы чемпиондугу коронавируска байланыштуу 2021-жылга жылдырылды.
Мелдеш быйылкы жылдын жай айына белгиленген болчу, эми аны 2021-жылдын 11-июндан 11-июлга чейин өткөрүү чечилди.
Буга чейин Европада бир катар ири мелдештер токтотулган болчу. Кыргызстанда да баардык спорттук иш-чаралар абал турукташканга чейин токтоду.
Эске салсак, 2016-жылы Францияда өткөн Европа чемпиондугун Португалия жеңип алган. Алар финалда талаа ээлери болгон франциялыктарды 1:0 эсеби менен жеңип тарыхында алгачкы ирет Европа чемпиондору атыккан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн