Футбол боюнча Россиянын улуттук лигасы ФНЛ (биринчи лига) мөөнөтүнөн мурда жыйынтыкталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, командалар тизмекте ээлеген ордуларында калып Россиянын Премьер лигасына биринчи экинчи сапка жайгашкан “Ротор” жана “Химки” командалары чыгыш керек. Бирок “Армавир” командасы мелдешти улантуудан баш тартканына байланыштуу упайлар башынан эсептелип чыгат, жана клубдун экинчи айлампада өткөргөн оюндарына техникалык жеңилүү жазылат.
Ал эми Кыргызстан курама командасынын капитаны Валерий Кичин ойногон “Торпедо” командасы “Армавир” командасына экинчи айлампада жеңилип калган, мындан улам Кичиндин командасына автоматтык түрдө үч упай берилет. Учурда 53 упай менен 4-тизмекте жайгашкан “Торпедо” 56 упай менен ФНЛдин тизмегинде 1-орунга чыгат.
Демек “Ротор” экинчи тизмеке түшүп, “Химки” жана “Чертаново” үчүнчү төртүнчү орунду ээлешет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн