Бугу 20, 2024
Убакыт: 11:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Футбол: Италия чемпиондугу 2021-жылдын мартына чейин күйөрмандарсыз өтөт

17.04.2020 12:33
816
Футбол: Италия чемпиондугу 2021-жылдын мартына чейин күйөрмандарсыз өтөт


Коронавирус илдетинен улам футбол боюнча Италиянын чемпиондугу 2021-жылдын март айына чейин күйөрмандарсыз өтөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, Италиянын чемпиондугу 31-майда жандануусу ыктымал. Бирок көрүүчүлөр 2021-жылдын март айына чейин стадиондорго кире алышпайт. Күйөрмандарга чек аралар ачылып, чектөөлөр алынган убакытта гана уруксат берилет. 


Италия чемпиондугунун 2019/2020-жылдагы сезону COVID-19 вирусунан улам 26-турдан кийин токтотулган. Серия А чемпиондугунун көч башында 63 упай чогулткан “Ювентус” келе жатат, ал эми экинчи сапта бир упай аз топтогон “Лацио” келе жатат.

 

Учурда Италияда коронавирус дартын жугузуп алгандардын саны 168 941 кишиге жетип, андан 22 170 адам каза болду. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн