Бугу 04, 2024
Убакыт: 14:27
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Футбол: КФС футболдук клубдарга каржы жагынан көмөк көрсөтөт

01.06.2020 11:02
1094
Футбол: КФС футболдук клубдарга каржы жагынан көмөк көрсөтөт


Кыргыз футбол союзу (КФС) Кыргыз Премьер-лигасында катышып жаткан футболдук клубдарга каржы жагынан көмөк көрсөтөт. Бул тууралуу футбол федерациясынын аткаруу комитетинин отурумунда белгилүү болду.

 

Маалыматка ылайык, бул жылы Кыргыз футбол союзунун бюджетти 40 пайызга кыскартылат. Буга башкы себеп катары мамлекет жагынан каржылоо жана ички демөөрчүлөрдүн колдоо пакеттеринин суммасын кыскартылганы таасирин тийгизген.


Мындан улам КФС Кырыгыз кесипкөй футбол лигасын, Премьер-лиганы жана оюндарды тейлеген калыстардын чыгымдарын көтөрүүнү өз жоопкерчилигине алган.


Отурумдун соңунда Жогорку лигада катышып жаткан клубдардын Кыргыз Премьер-лигасына катышуу үчүн төккөн взносун төлөп берүү, оюндарды өткөрүү жана убактысын өзгөртүү тууралуу чечимин кабыл алган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн