Кыргызстандык Эмир-Хан Кыдыршаев футбол боюнча Италиянын “Б”
сериясында ойногон “Перуджа” клубунун жаштар командасына чакыруу алды. Бул
тууралуу анын атасы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев фейсбуктагы баракчасына жазды.
Маалым болгондой, Эмир-Хан Кыдыршаев “Перуджа” командасынын U-16, U-17 өспүрүмдөр командасына чакыруу алды. Ал буга чейин Италиянын Ассиси шаарында “Паоло Росси” футболдук академиясында окуп келген.
15 жаштагы Эмир-Хан Италиянын расмий чемпиондугунда ойногон алгачкы Кыргыз футболчусу болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн