Бугу 10, 2024
Убакыт: 01:31
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Футбол: Кыргыз Премьер лигасында 13 мамлекеттен келген 44 легионер ойнойт

13.03.2020 09:31
753
Футбол: Кыргыз Премьер лигасында 13 мамлекеттен келген 44 легионер ойнойт


Кыргызстандын Футбол боюнча өлкө чемпиондугу Кыргыз Премьер лигасынын 2020-жылдагы сезонунда 13 мамлекеттен келген 44 легионер ойнойт.


Футболчулар Россия, Өзбекстан, Украина, Гана, Тажикстан, Казакстан, Түркмөнстан, Белоруссия, Молдавия, Кот-д'Ивуар, Афганистан,  Камерун жана Армения мамлекеттеринен келишкен.


Быйыл катарына сырт жактан келген оюнчуларды эң көп кошкон Ысык-Көлдүн “Лидер” командасы болду. Алардын  25 оюнчусунун он экиси легионерлер. Анда Россиядан 7, Өзбекстандан 4, Камерундан 1 бар.


Экинчиде “Каганат” 10, “Нефтчи” менен “Алайда” 7, “Абдыш-Ата” 6, “Дордой” 5, “Кара-Балта” 2, “Алга” 1 легионер ойнойт. Ал эми бул сезондо “Илбирс” командасы катарына сырт жактан футболчу чакырбай, жергиликтүү оюнчуларга басым жасаган.


“Дордой”, “Лидер”, “Илбирс” командалары машыктыруучу катары россиялык адистерди, “Каганат” тажикстандык адисти чакырды. “Абдыш-Ата”, “Алга”, “Алай”, “Кара-Балта” жана “Нефтчи” командаларын кыргызстандык машыктыруучулар жетектейт.



Эске салсак, Евразиялык экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн оюнчулары Кыргызстанда легионер болуп саналбайт. Кыргыз премьер лигасында командалар оюнга бир эле учурда 5 чет элдик оюнчуну киргизе алат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн