Жетинин айы 01, 2025
Убакыт: 01:37
USD
87.30
87.80
EUR
100.80
101.80
RUB
1.075
1.110

Футбол: Кыргызстандын жаштар курамасы Шри-Ланканы 6:0 менен утуп, Азия кубогуна чыкты

10.09.2025 09:34
633
Футбол: Кыргызстандын жаштар курамасы Шри-Ланканы 6:0 менен утуп, Азия кубогуна чыкты


Кечээ, 9-сентябрда Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн чечүүчү беттеште Кыргызстандын футбол боюнча (U-23) жаштар курама командасы Шри-Ланка менен ойноп, 6:0 эсебинде жеңишке жетти.


Голдорду Марлен Мурзахматов (2), Кими Мерк, Християн Браузман, Эрбол Абдужапаров жана Саид Дациев киргизди.


Бул жыйынтык менен курама 7 упай топтоп, «E» тайпасында 1-орунду камсыз кылып, 2026-жылкы Азия Кубогуна жолдомо алды.


Белгилей кетсек, бул жаш курактагы биздин курама тарыхта алгач ирет континенталдык биринчиликке чыгып жатат.


Азия Кубогунун финалдык баскычы 2026-жылдын 7–25-январь аралыгында Сауд Арабияда өтөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн