Баш оона 22, 2025
Убакыт: 06:30
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Футбол: Оштун командаларынын дербиси “Алай” командасынын жеңиши менен аяктады

16.08.2020 16:53
1278
Футбол: Оштун командаларынын дербиси “Алай” командасынын жеңиши менен аяктады

 

Футбол боюнча Кыргыз Премьер-лигасынын 4-турунун алкагында Оштун “Каганат” жана “Алай” командалары Кант шаарындагы "Нитро" стадионунда беттешишти. Бул тууралуу Кыргыз профессионал футбол лигасынан билдиришти.


Экинчи борбордун атынан чыккан командалардын дербиси 0:1 эсебинде “Алайдын” жеңиши менен аяктады. Голду 59 чабуулчу Азиз Келдияров киргизди.


Белгилей кетсек, бул оюн эки команданын алгачкы расмий беттеши болду. “Каганат” командасы өткөн жылдын декабрь айында негизделген.


Ошондой эле 4-турдун алкагында “Нефтчи” 3:1 эсеби менен “Кара-Балта” командасын жеңип алды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн